Колл - борбор: 105, 1209

Кара-Суу айылында №508-трансформатор капиталдык ремонттон өттү

3 Июль 2024 ж.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы – Нарын электр тармактар ишканасына тийиштүү Ат-Башы РЭТи Кара-Суу айылында оңдоо иштерин тынымсыз жүргүзүүдө.
 
Бүгүнкү күндө аталган трансформатор толугу менен капиталдык ремонттон өтүп, жергиликтүү тургундарга сапаттуу электр жарыгы менен камсыз кылууга даярдалды.
 
Бул айдын иш планында Кара-Суу айылында №477-күчтүк трансформаторду алмаштыруу каралган, анын кубаттуулугу 160 кВАдан 250 кВАга жогорулайт.
 
Ошондой эле, ушул күчтүк трансформатордон чыккан 0,4 кВ аба чубалгылары 3 чакырым СИП кабелине алмаштырылып, 101 даана жыгач мамычаларды темир-бетон мамычаларына алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.
 
Мындан тышкары, 10 кВ аба чубалгыларында 1 чакырым, жалпысынан алганда 3 км реконструкция иштери жүргүзүлүп, 20 даана жыгач мамычаларды темир-бетон мамычаларына алмаштыруу пландалган.
 
Бул аракеттер айылдын электр тармагын бекемдеп, калкты сапаттуу жана ишенимдүү электр жарыгы менен камсыз кылууга багытталган.
 
Белгилей кетсек, оңдоо иштери облустун бардык аймактарында жүргүзүлүп жатат.