Колл - борбор: 105, 1209

Кечээ, 12.06.2023 - жылы "КУЭТ" ААКнун филиалы Нарын электр тармактар ишканасында директорлор кеңеши болуп өттү

12 Июнь 2023 ж.

Директорлор кеңешинин жыйын өткөрүүнүн негизги максаты, жеринде райондук электр тармактар ишканаларынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү менен таанышып, энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү угуу жана чечүү жолдорун жыйындын катышуучулары менен талкулоо болду.

Бул жыйында 4 айдын жыйынтыгы, ишкананын 2023-2024 жылга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу ишкананын директору А.Абылгазиев маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө ишкананын башкы инженери Б. Джолдошбеков жасалып жаткан оңдоо иштери боюнча маалымат берип, кадрлар маселеси жана квалификацияларды жогорулатуу сунушун айтты.

Капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча директордун орун басары К.Дуйшеев ЕБРР (Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы) долбоорунун аткарылышы боюнча маалымат берип өттү.

Жыйындын соңунда жүрүп жаткан жалпы иштерге баа берилип, тиешелүү адистерге бир катар тапшырмалар берилди.

Аталган жыйынга директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Нарын электр тармактар ишканасынын жетекчилиги, тиешелүү адистер жана райондук электр тармактар ишканасынын башчылары катышты.

Бул жыйын мекеменин иш алып барууда жеңилдик берүү, калкка сапаттуу тейлөөнү камсыз кылууну жогорулатуу максатында өткөрүлдү