Колл - борбор: 105, 1209

Кесиптик чеберчилик - келечекке жол!

29 Май 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасында райондор аралык мелдеш өтүүдө.

29.05.2024, Кочкор РЭТнин базасында ишкерсандардын кесиптик чеберчилигин арттыруу жана тажрыйба алмашуу максатында мелдеш жүрүп жатат.

Бул иш-чара 2 күнгө уланып, этаптарга бөлүнгөн. Бүгүнкү иш-чаранын алкагында, ишкерсандар "Коопсуздук эрежелери" боюнча билим деңгээлин текшерүүдөн өтүштү. Андан соң, электр тогунан жабыркаган адамга жардам көрсөтүү, жумуш ордун коопсуз даярдап, трансформаторлорду накталап оңдоодон өткөрүү этаптарынан өтүшөт.

Бул мелдеш кесиптик чеберчиликти арттыруу жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Ишкерсандардын көндүмдөрүн өркүндөтүү менен, келечекте электр тармактарында коопсуз жана натыйжалуу иштөө мүмкүнчүлүктөрү көбөйөт.