Колл - борбор: 105, 1209

Кесиптик чеберчиликти арттыруу мелдеши уланууда

30 Май 2024 ж.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасында райондор аралык мелдештин экинчи күнү кызуу жүрүп жатат.
 
Бүгүн, 30-май 2024-жылы, мелдеш Кочкор РЭТтин 7 районго бөлүнгөн трансформаторлорунда накталап оңдоодон өткөрүү иштери менен уланууда.
 
Ар бир команда чоң жоопкерчилик менен, тажрыйбалуу адистердин жетекчилиги астында, трансформаторлорду оңдоодо жогорку чеберчиликтерин көрсөтүүдө. Командалардын мүчөлөрү өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтүп, трансформаторлорду сапаттуу жана коопсуздук эрежелерин сактоо менен оңдоп жатышат.
 
Мелдештин соңунда комиссия мүчөлөрү ар кандай номинацияларда мыкты деп табылган командаларды жана адистерди аныкташты. Жалпысынан беш номинация боюнча сыйлыктар тапшырылды:
 
1. Мыкты ишкертоп:
- 1-орун: Жумгал РЭТи эң мыкты деп өзүнүн чеберчилиги жана биргелешкен иши менен алдыда болуп, ардактуу биринчи орунга ээ болду.
- 2-орун: Ат-Башы РЭТи экинчи орунду ээлеп, жогорку кесиптик деңгээлин жана мыкты уюштуруучулук жөндөмүн көрсөттү.
- 3-орун: Тянь-Шань РЭТи үчүнчү орунга чыгып, өзгөчө аракеттери жана жоопкерчиликтүү иш алып баруусу менен айырмаланды.
2. Мыкты устат деп Ак-Талаа РЭТнин устаты Чотуров К. табылды.
3. Мыкты иш алып баруучу катары Тогуз-Торо РЭТнин ишкерсаны Орозбек у С. сыйланды.
4. Мыкты электр эпкери деп Кочкор РЭТнин эпкери Бактыбеков М. табылды.
5. Мелдеш учурунда коопсуздук эрежелери боюнча эң мыкты билим деңгээли үчүн Нарын РЭТнин ишкертобу табылды.
 
Сыйлыктарыңыздар кут болсун! Чеберчилигиңиздер мындан ары да өсүп, элге кызмат кылып жүрө бериңиздер! Сиздердин мээнетиңиздер жана чеберчилигиңиздер баарыбызга үлгү!