Колл - борбор: 105, 1209

Кочкор районунда 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктар жүргүзүлүүдө

30 Сентябрь 2025 ж.

«Кыргызстан УЭТ» ААКнын филиалы Нарын электр тармактар ишканасынын Кочкор райондук электр тармагы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында тынымсыз оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Даярдык иштеринин алкагында электр тармактары жана жабдуулар текшерилип, эскирген тетиктер жаңыртылууда. Бул аракеттер калкты жана социалдык маанидеги объектилерди кышкы мезгилде үзгүлтүксүз жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.