Кочкор районунда темир-бетон буюмдарын жасоочу цех ачылды
14 Ноябрь 2025 ж.
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Чолпон айылында темир-бетон жасоочу цехти ишке киргизди.
Жаңы ишке киргизилген цехтин жалпы аянты 844,5 м². Жалы сметалык баасы 42 млн 793 миң сом түзүп, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК тарабынан каржыланды.
Ал эми курулуш иштерин “Ширин Бизнес Групп” ЖЧК ишке ашырды.
Бул өндүрүш ишканасынын ишке берилиши менен аймактын электр тармактарын чыңдоо үчүн жылына 5500 даана СВ-95, СВ-105 жана СВ-110 үлгүсүндөгү темир-бетон мамыларын, ал эми суткасына 24 даана мамы чыгарууну пландаштырууда. Муну менен катар 8 жумушчу орун түзүлөт. Цехтен өндүлүгөн буюмдар Кочкор районунун энергетика тармагын жаңылоо үчүн колдонулат. Ошондой эле Нарын облусунун аймагындагы капиталдык курулуш объектилерин сапаттуу жана жеткиликтүү баада камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Министрдин айтымында Кочкордогу темир-бетон буюмдарын жасоочу цех — өндүрүштү жеринде уюштуруп, аймактын инфраструктурасын чыңдоодо чоң роль ойнойт.
"Энергетика министрлигинин калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн, акыркы жылдары жасаган бир катар алгылыктуу иштери бар. Энергетика тармагын жаңылоого багытталган реформанын алкагында жаңы обьектилерди курдук, техникаларды алдык, көмөк чордон курдук, акылдуу эсептегичтерди, жаңы трансформаторлорду орноттук. Аны менен катар мына бүгүнкүдөй темир-бетон буюмдарын чыгарган цехтерди куруп жатабыз. Мындай цехтер бизге аябай керек. Өзүбүздүн эскирген мамычаларды жаңыга алмаштырууда биз башка жактан сатып албайбыз. Өзүбүз өндүрүп, колдоно беребиз. Өзүбүздөн ашса, өндүрүштү башкага сатса, РЭТке кошумча каражат болуп калат. Ал эми биз энергетиктер өз максатыбызды унутпай, калкты жылуулук жана жарык менен камсыз кылалы. Жаңы объектиңер кут болсун!"- деди министр Т.Ибраев.
Иш-чаранын жүрүшүндө министрге "Кочкор районун ардактуу атуулу", “Кара-Суу айылынын ардактуу атуулу” наамдары ыйгарылды.
Цехтин ачылыш аземине КРнын энергетика министри Т.Ибраев, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директору И.Сыдыгалиев, Кочкор райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Эркин Чекирбаев, Кара-Суу айыл аймагынын башчысы Алайбек Карбозов жана энергетиктер катышты.