Колл - борбор: 105

Коопсуз эмгек — ар бир кызматкердин башкы милдети

28 Апрель 2026 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы - Нарын электр тармактары ишканасында жана райондук электр тармактарында эмгекти коргоо күнү белгиленди. Иш-чаранын алкагында техникалык коопсуздук эрежелери эске салынып, өндүрүштөгү тобокелчиликтерди алдын алуу боюнча нускамалар берилди.
 
Ошондой эле кызматкерлердин коопсуздук маданиятын жогорулатуу, эмгек шарттарын жакшыртуу жана кырсыктардын алдын алуу маселелери талкууланды. Эмгекти коргоо талаптарын так сактоо ар бир кызматкердин негизги милдети экени белгиленди.
 
Эмгекти коргоо — өмүрдү сактоонун негизи!!!