Бүгүн «КУЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын базасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча 3-кварталдын жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.
Жыйында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, кызматкерлердин кызматтык милдеттерин так жана жоопкерчиликтүү аткаруусу, ошондой эле абоненттер менен түзүлгөн мамилелерде ачык-айкындуулук жана адилеттүүлүк принциптерин сактоо маселелери каралды.
Өзгөчө көңүл кызматкер менен кардарлардын ортосундагы кызмат көрсөтүүчү байланышта мыйзамдуулукту жана этикалык нормаларды сактоого бурулду. Ар бир кардар электр энергиясын пайдалануу, эсептешүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматты так жана түшүнүктүү алууга укуктуу. Ал эми кызматкерлер үчүн жарандардын ишенимин актоо — кесиптик милдет гана эмес, чоң жоопкерчилик.
Отурумда коррупциянын алдын алуу бир жолку иш-чара эмес, күнүмдүк иш процессинин ажырагыс бөлүгү экени белгиленди. Бул багытта кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, ички тартипти бекемдөө жана жарандар менен иштөө маданиятын өркүндөтүү боюнча бир катар милдеттер аныкталды.
Таза иш — ишенимди жаратат. Ал эми ишеним — сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн негизи.
Нарын электр тармактар ишканасы коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы турууну, ачык-айкындуулукту камсыз кылууну жана абоненттер менен өз ара ишенимге негизделген мамилени мындан ары да бекемдөөнү улантат.