Колл - борбор: 105, 1209

"КУЭТ" ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков Нарын электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

20 Сентябрь 2024 ж.

Бүгүн, 20-сентябрь 2024-жылы "КУЭТ" ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков Нарын электр тармактар ишканасынын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери, жаңы темир-бетон цехинин иши, авариялык запастардын абалы, 2025-жылга карата пландар жана жаңы имарат куруу иштери менен таанышты.
 
Негизги максат – оңдоо иштерин жүргүзүүдө келип чыккан көйгөйлөр жана жогорку чыңалуудагы өндүрүштүк кызматтарга тейлөө үчүн бригадалык унаалар, ошондой эле Тянь-Шань жана Нарын райондук электр тармактарын бириктирүү маселелери. Бул маселелердин баары тийиштүү тартипте каралаары белгиленди.
 
Жыйынга Нарын ЭТИнин бардык кызмат жана бөлүм башчылары катышты.