«КУЭТ» ААКнын башкы директору Нарын электр тармактар ишканасынын жамаатына ишкананын жаңы директорун жана анын капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча орун басарын тааныштырды

28 Март 2024 ж.

2024-жылдын 28-мартында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков ишкананын жаңы директорун жана анын капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча орун басарын жамаатка тааныштырды.
 
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын тиешелүү буйруктарына ылайык, Рустам Нурдинович Сакиев «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы болгон Нарын электр тармактар ишканасынын жаңы директору болуп дайындалды. Ал буга чейин «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын филиалы болгон Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары болуп иштеген.
 
Усеналиев Залкарбек Усеналиевич «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы болгон Нарын электр тармактар ишканасынын директорунун капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын филиалы болгон Нарын электр тармактар ишканасынын Жумгал райондук электр тармагынын башчысы болуп иштеген.
 
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков ишкананын жаңы жетекчилигине Нарын облусун электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу жана алдыдагы кышка даярдык көрүү боюнча бир катар милдеттерди койду.