“КУЭТ” ААКнын башкы директору Сыдыгалиев Ильгиз Манатбекович Нарын облусуна иш сапар менен барып, Нарын электр тармактар ишканасынын 2025–2026-жылкы күз-кыш мезгилине даярдыктарын текшерди жана жер-жерлердеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Жыйындын негизги маселелери:
1. Объектилерди куруу сапаты жана мөөнөттөрү
• Курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы берилди.
• Бүтүрүү мөөнөттөрүн тездетүүнү талап кылды.
2. Күз-кыш мезгилине даярдык
• 2025–2026-жылкы күз-кыш мезгилине толук даярдык көрүү, ремонттук жана эксплуатациялык иштерди сапаттуу, өз убагында жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
3. АСКУЭ орнотуу маселеси
• Автоматташтырылган эсепке алуу системасын киргизүү боюнча иштер талкууланды.
4. СИП зымдарын колдонуу
• Өз алдынча изоляцияланган зымдарды колдонуу боюнча иштердин жүрүшү, техникалык жоготууларды азайтуу жолдору каралды.
5. 35/10 кВ “Талды-Суу” подстанциясы
• Подстанциянын курулуш иштерин тездетип бүтүрүүнү тапшырды
6. Техникалык шарттар
• Жаңы керектөөчүлөргө техникалык шарт берүү тартиби каралды.
• Жарандар жана ишканалар үчүн техникалык шарт берүүдө талаптарды бекем сактоо милдеттендирилди.
7. Кызматкерлердин коопсуздугу
• Оңдоп-түзөө иштеринде техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо башкы максат экени белгиленди.
• Коопсуздук эрежелеринин аткарылышын катуу көзөмөлдөө тапшырылды.