Колл - борбор: 105

“КУЭТ” ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Шамиль Матаев Нарын облусунда иш сапары менен болду

9 Май 2026 ж.

Майрам күндөрү “КУЭТ” ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Шамиль Матаев Нарын облусуна иш сапары менен болду.

Иш сапардын алкагында ал Нарын электр тармактар ишканасынын жетекчилиги менен биргеликте 220/110/10 кВ “Ак-Кыя” көмөк чордонунун абалын жеринен текшерди. Ошондой эле Нарын жана Ат-Башы райондук электр тармактарынын өндүрүштүк ишмердүүлүгү, жүргүзүлүп жаткан иш-кагаздары каралды.

Мындан тышкары, кезметте турган кызматкерлер менен жолугушуу өтүп, электр тармагындагы ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иш алып баруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Тактап айтканда, Нарын РЭТинде кызматкерлер үчүн чечинип-кийинүүчү жайларды түзүү, КТПларды комплекттөө, ашыкча жүктөм менен иштеп жаткан трансформаторлорго талдоо жүргүзүү, техникалык жоготууларды азайтуу боюнча иштерди күчөтүү жана АСКУЭ акылдуу эсептегичтерди өз убагында орнотуп бүтүрүү тапшырылды.

Ал эми Ат-Башы РЭТине кызматкерлер үчүн чечинип-жуунуучу жайларды уюштуруп, эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча милдеттер коюлду.

Иш сапардын жүрүшүндө тармактагы иштердин сапатын жогорулатуу, эмгек тартибин күчөтүү жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.