Колл - борбор: 105, 1209

“КУЭТ” ААКнын филиалдарынын метрология кызматтарынын семинары өттү

20 Июнь 2025 ж.

Нарын электр тармактары ишканасынын базасында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын бардык облустук филиалдарынын метрологиялык кызматтарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда семинар болуп өттү.
 
Иш-чаранын максаты — тажрыйба алмашуу жана метрологиялык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулоо болду.
 
Семинардын жүрүшүндө жер-жерлердеги метрологиялык камсыздоону уюштуруу, өлчөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө практикасы боюнча маселелер каралып, ошондой эле өлчөөлөрдүн тактыгын камсыз кылуу жана өлчөө техникаларын колдонууда стандарттардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.
 
Ошондой эле, катышуучулар автоматташтырылган коммерциялык электр энергиясын эсепке алуу системасы (АСКУЭ) боюнча маселелерди талкуулашты. Тактап айтканда, эсептөө комплекстерин текшерүү, маалыматтык системалар менен интеграциялоо жана берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү.
 
Семинар ачык диалог жана конструктивдүү тажрыйба алмашуу шартында өттү. Ар түрдүү региондордон келген өкүлдөр докладдар менен чыгып, тегерек столдо өтүп, филиалдар арасындагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча сунуштар талкууланды.
 
«Практикалык тажрыйбалар менен бөлүшүү жана бирдиктүү ыкмаларды макулдашуу — “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсынын масштабындагы метрологиялык камсыздоонун натыйжалуулугун жогорулатуунун ачкычы болуп саналат», — деп белгиледи метрология кызматынын башчысы Уланбек Сопакунов.
 
Семинардын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан методикаларды жакшыртуу жана филиалдар арасындагы координацияны күчөтүү боюнча сунуштар айтылды. Мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүү пландалууда.