Колл - борбор: 105, 1209

Кыргыз Энергетикасына 90 жыл

19 Декабрь 2024 ж.

Бүгүн, 19 - декабрь күнү энергетиктердин кесиптик майрамы жана Кыргыз Энергетикасынын 90 жылдыгына карата "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы Нарын электр тармактар ишканасынын үзүрлүү эмгеги, ак ниет кызматы менен айырмаланган кызматкерлер сыйланды.
 
• Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.С. Сапаров облустук администрациянын ардак грамотасын кызматкерлерибизге тапшырды.
 
• Нарын облусунун башкы прокурорунун орун басары Г.Н. Кашкарова облустук прокуратуранын атынан ыраазычылык кат тапшыруу менен бирге өлкөнүн энергетика тармагына салым кошуп жаткан ар бир энергетикке ыраазычылык билдирип, куттуктап өттү.
 
• Белгилей кетүүчү кызматкерлерибиз автоунаа кызматынын башчысы Молдожакыпов Улан, капиталдык курулуш бөлүмүнүн инженери Мамытканов Жыргалбек энергетика тармагына кошкон зор салымы үчүн Энергетика Министрлигинин ардак грамотасы менен, "КРнын отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуунун мыктысы" төш белгиси менен Жабагиев Исмаил, ал эми Бегалиев Шамил, Өмүрканов Уланбек Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрлигине караштуу энергетикалык көзөмөл боюнча кызматынын ардак грамотасы менен сыйланды.
 
Нарын электр тармактар ишканасынын административдик базасында "КУЭТ" ААКнын, НЭТИнин жана кесиптик бирлик комитетинин ардак грамоталары көптөгөн кызматкерлерге тапшырылды.
 
Бул сыйлыктар – энергетика тармагындагы эмгектин жогору бааланганынын далили. Ар бир сыйланган кызматкер өзүнүн кесибине берилгендиги, тынымсыз эмгеги жана жоопкерчилиги менен айырмаланат. Алардын ар бири өлкөбүздүн энергетикалык системасынын туруктуу иштешине өз салымын кошуп келет.
Сыйлыгыңыздар кут болсун!