Колл - борбор: 105, 1209

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусуна иш сапар менен барды

25 Август 2023 ж.

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусуна иш сапар менен барды.
Иш сапардын алкагында Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында уюштурулган жыйынга катышты.
 
Жыйынга Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Алтынбек Эргешов, энергетика министри Таалайбек Ибраев, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Адыбек Набиев, "Кыргызкөмүр" МИнин жана "Кыргызжылуулукэнерго" МИнин жетекчилиги жана башка жергиликтүү бийликтин, энергокомпаниянын өкүлдөрү катышты.
 
Жыйындын жүрүшүндө Нарын облусундагы күз-кыш мезгилине даярдык иштери, суу, жылуулук, көмүр, энергетика маселелери талкууланды. 
 
Мындан тышкары энергетика министри Таалайбек Ибраев СУАРга болгон иш сапарында "Агулак" көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча "Кыргызкөмүр" МИси менен ОсОО Shanci Coal Investment Group LLC компаниясы менен келишим түзүлгөнүн жана аталган компания учурда өз ишин баштоого даяр экенин билдирди. 
 
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Энергетика министрлигинин аталган компания менен биргеликте иш алып баруусу туура кадам экенин баса белгиледи. Ал жергиликтүү бийликке келген инвесторду качырып албастан, компания инфраструктура түзгөнгө чейин аларга алгач шарт түзүп берүү керектигин эскертти.
Андан соң жыйындын катышуучулары ОсОО Shanci Coal Investment Group LLC компаниясынын өкүлү менен биргеликте "Агулак" көмүр кенин иштете турган жерге барып, жеринде маалымат алып бир катар маселелерди талкуулашты.
 
Министр Таалайбек Ибраев аталган компания менен түзүлгөн келишим келечке жергиликтүү тургундар үчүн пайдасы жогору болоорун билдирди. 
 
“Агулак” көмүр кенин биргелешип иштетүү үчүн “Кыргызкөмүр” МИси ОсОО Shanci Сoal Investment Group LLC компаниясы менен биргеликте иш алып барганы жатат. Бул компания менен СУАРга болгон иш сапарда кол койгонбуз. Бүгүн тараптар Миң-Кушта жолугуп, баарын жеринен көрүп, ишти баштаар алдында турабыз.
Мунун негизги максаты "Агулак" участогунда көмүр казып алуунун аркасы менен элге жумушчу орундарды түзүү, компания төлөгөн салыктын эсебинен элдин жашоо шартын жакшыртуу, регионду өнүктүрүү болуп саналат. Ошондой эле өлкөбүздүн Түндүк регионун, мамлекеттик мекемелерин жана калкын сапаттуу жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылуу болуп саналат. Компаниянын жүргүзгөн ишин “Кыргызкөмур” МИ башкарат. Баардыгы мыйзам чегинде болот" - деди министр.
 
Андан кийин минитср Таалайбек Ибраев Нарын электр тармактар ишканасынын 110/35/10 кВ "Миң-Куш" көмөк чордонуна барды.
Анда министр 110/35/10 кВ "Миң-Куш" көмөк чордонуна резервдик трансформатор Жалал-Абад электр тармактарынан капиталдык курулуштун негизинде алынып келинген жана аны орнотуу жумуштары менен таанышты.
 
Андан тышкары эскилиги жеткен трансформаторду Бишкек шаарына оңдоодон өткөрүү үчүн жүктөө, утурумдук оңдоп-түзөө жумуштарына күбө болду. 6 жана 35 кВ коммутациялык аппараттарын комплектөөнү ал үчүн "КУЭТ" ААКтын тиешелүү адистерин иш алып барууга тапшырды.
 
Бир күнгө созулган иш сапардын алкагында энергетика министри Кең-Суу айылына барды. Эскерте кетсек буга чейин Кең-Суу айылында электр жарыгы жок экени айтылган. Мындан улам Президент Энергетика министрлигине жергиликтүү тургундарды электр энергиясы менен камсыз кылуу тапшырмасын койгон.
 
Министр Кең-Суу айылында аткарылып жаткан иштер менен таанышып, жеринде маалымат алды. Кең-Суу айылына 11 чакырым электр чубалгысын тартуу иштери тууралуу айыл өкмөт менен жолугушуп, талкуулашты. Энергетиктер тарабынан аба чубалгыларын тартууга, мамычаларды орнотууга даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Негизги жабдуулар менен камсыздоо жагын Айыл өкмөтү колго алган. Учурда энергетиктер жабдууларды гана күтүп жатат. Эгер жабдуулар алынып келинсе, Кең-Суу айылы кышка чейин электр энергиясы менен камсыз болот.
 
Андан тышкары Кочкор районунда Дөң- Алыш участкасында курулуп жаткан 110/10 кВ көмөк чордондун куруу иштери менен таанышып, кошумча күч тартууну жана тосмолорун орнотууну тапшырып, курулуш материалдары өз убагында алынып келээрин айтты.
 
Ал эми ошол эле Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Мантыш айылындагы 400 кВа КТПнын тосмолорун орнотууну, кеңсе аянтынын куруу иштери өз убагында бүткөрүлүп, электр чубалгыларын тартуу керектигин айтып, тиешелүү тапшырмаларды берди. Жана ошондой эле Кочкор РЭТнин жылытуу системаларынын ремонттук иштерине тиешелүү адистерди жиберээрин билдирди.