Колл - борбор: 105, 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы электр коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырат(видео)

28 Июнь 2024 ж.

Энергетиканын адистери жайкы сезонунда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы энергообъектилерге жакын жайгашкан калктын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурат. Каникул учурунда балдардын, сыртта эс алуучулардын, багбандардын жана балыкчылардын жогорку чыңалуудагы обьектилерден  жаракат алуусун болтурбоо үчүн компаниянын энергетиктери аба чубалгыларынын жана трансформатордук пункттардын, калктуу пункттардын, көлмөлөрдүн, бакча участокторунун, өндүрүш жана тиричилик базаларынын абалын текшерип, «Кирбе», «Токто! Чыңалуу» деген энергообъекттердеги белгилерди текшеришти.

Бирок, ошондой эле чоңдордун жана балдардын өмүрү жана ден-соолугу биринчи кезекте электр коопсуздугунун эрежелерин сактоодон көз каранды экенин эстен чыгарбоо керек.

-Чубалгынын тирөөчтөрүнө чыгууга болбойт, анткени зымга тийбесеңиз да, ток тартышы ыктымал.

 -Көмөкчордондордун аймагына кирүүгө болбойт. Жабдуулар жогорку чыңалууда жана электр объектисинин жабдууларына тийбесеңиз да, ток алыстан сокку урат. 

-Үзүлгөн зымга жакындабаңыз, жер электр тогун өткөрөт, зымга 10 метрге чейин жолобоо керек. Ошондой эле  салаңдап асылып турган  зымга да жакың жолобонуз, себеби ал чыңалуу астында болушу мүмкүн. 

-Аба чубалгыларынын үзүлүп же салбырап калганын көрсөңүз, бузулган жерди кайтарууну уюштуруп, баарына коркунучу бар экенин эскертип, дароо чоңдорго же электр тармагына кабарлоо керек.  

-Андан сырткары  лампаларды сындырбоо керек?  подьезде, жертөлөдө, чатырлардагы  бөлүштүргүчтөрдүн жана башка электр приборлорунун эшиктерин ачууга тыюу салынат. 

-Эгерде сиз ачык зымдарга тийсеңиз, зымдарга кийим илип койсоңуз же кагаз чаптап алсаңыз, электр тогуна урунуп калышыныз мүмкүн. Электр энергиясын колдонууда этият болуңуз жана электр коопсуздук эрежелерин так сактаңыз.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын 24 саат бою иштеген колл-борборунун телефону 105. Чалуу акысыз.

 

https://www.youtube.com/watch?v=S8fUBas5c9s&t=3s