Колл - борбор: 105

Кызматкерлердин саламаттыгы өзгөчө көзөмөлдө

7 Август 2026 ж.

Жай мезгилиндеги абанын температурасынын кескин жогорулашына байланыштуу кызматкерлердин ден соолугун сактоо жана эмгек коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын 2026-жылдын 7-июлундагы №18-5/3140 көрсөтмөсүнүн негизинде Нарын электр тармактар ишканасынын Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техника кызматы (ИКТК) менен медицина кызматкери Ак-Талаа, Тогуз-Торо, Жумгал жана Кочкор райондук электр тармактарынын кызматкерлерине медициналык кароо жүргүзүштү.
 
Текшерүүнүн жүрүшүндө кызматкерлердин кан басымы, дене табы жана жалпы саламаттык абалы көзөмөлдөнүп, күндүн ысык мезгилинде өзүн туура алып жүрүү, суусуздануунун алдын алуу жана эмгек учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
 
Ишкана тарабынан кызматкерлердин өмүрү менен саламаттыгын коргоо, коопсуз эмгек шарттарын түзүү жана эмгекти коргоо талаптарын аткаруу багытындагы иштер мындан ары да туруктуу негизде улантылат.