Министр Т.Ибраев: Күз-кыш мезгилине даярдык өз убагында, сапаттуу аткарылып бүтсүн

22 Март 2024 ж.

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарын облусуна иш сапар менен барды.
 
Министр иш сапардын алкагында "КУЭТ" ААКтын филиалы Нарын электр тармактар ишканасына барып, 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилинен кийинки абалы менен таанышты.
 
Мындан тышкары министр Т.Ибраев Кочкор районундагы 110/35/10 кВ "Кочкор", 110/35/10 "Чолпон" жана 110/10 кВ "Дөң алыш" көмөк чордондорунун, Кочкор райондук электр тармактарынын күз-кыш мезгилинен кийинки иштөө абалын жеринде текшерди.
Ал эми жаңы курулган Мантыш участкасындагы объектини жашылдандыруу ишин ишкананын адистерине тапшырды.
 
Анда энергетика министри тиешелүү кызматкерлерге быйылкы кетирген айрым кемчиликтерди кийинкиде кайталанбашы үчүн, 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты графиктин негизинде өз убагында жана сапаттуу жасалышын тапшырды.
 
Ошондой эле, 2024-жылдын иш планына ылайык Нарын облусуна караштуу аймактарга коюла турган жаңы трансформатор, орнотулуучу мамыча, акылдуу эсептегичтерди, тартылуучу аба чубалгыларды өз убагында бүткөрүү керек экенин эскертти.