"КУЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасы жана кесиптик бирлик комитети менен биргеликте кечээ, 2-жолу балдарды жайкы эс алууга Ысык-Көлгө жөнөттү.
Жыл сайын эмгекти коргоонун негизинде уюштурулуп, ишкананын кызматкерлеринин гана эмес, алардын балдарынын да ден соолугун чыңдоо, эстен кеткис жайкы эс алуу үчүн жагымдуу маанай тартуулоо максатын көздөйт.
Бул балдар лагеринде кызыктуу оюн-зоок, ар түрдү сынактар, спорттук мелдештер жана маданий иш чаралар коштоп, ар бир баланын өзүн сыноого, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана дос күтүүгө үйрөтөт.