Нарын электр тармактар ишканасы 8900 даана эски изоляторлорду алмаштырат
6 Май 2024 ж.
Нарын электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы чубалгылар кызматы 2024-2025 күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштеринин алкагында 8900 даана эскирген изоляторлорду алмаштыруу пландаштырууда.
2024 – жылдын иш планына ылайык аткарылуучу жумуштар:
Учурдагы оңдоо иштери 1922,2 чакырым аба чубалгыларына, капиталдык оңдоо 90,33 чакырымга пландалып, бүгүнкү күндө 107,38 чакырым линияга учурдагы жана 46,4 чакырымына капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Жылдык иш планга ылайык 8900 даана 40 жылдан ашкан, эскилиги жеткен изолятор алмаштыруу каралса, бүгүнкү күнгө 1443 даана изоляторлор алмашылды.
Мындан тышкары, 2024-жылга 5 аба чубалгыларында суу жеп кетүү коркунучунан сактоо иш-чаралар жүргүзүлүп, жалпысынан 25 тирөөч алмаштырылат.
Ал эми 110 кВ аба чубалгыларына барчу жалпысынан 61 чакырым жолдор оңдолот.
Урматтуу кардарлар, оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалыматты
http://npes.nesk.kg/ru/ расмий сайтынан билсеңиздер болот жана “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.
Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, (0505) 50-04-74, 0772-50-04-74 (Вотсап) номерлерине кайрылсаңыз болот.