Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында, «КУЭТ» ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасы автоматташтырылган система аркылуу коммерциялык эсепке алуу (АСКУЭ) электр эсептегичтерин орнотуу иштерин 2025-жылы да активдүү улантууда.
Бул аракеттер электр энергиясын эсепке алууну так жүргүзүү, жоготууларды азайтуу жана керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү менен бирге, сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
2025-жылга карата жалпысы 34 800 даана эсептегич орнотуу пландалган. Бул эсептегичтер заманбап технологиялар менен жабдылган, дистанттык аралыкта окуу жана башкаруу функциялары менен айырмаланат. АСКУЭ системасы аркылуу операторлор керектөө көрсөткүчтөрүн автоматтык түрдө ала алышат, бул болсо убакытты үнөмдөөгө жана адам факторун кыскартууга шарт түзөт.
Алсак, жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин:
Ат-Башы районуна - 6060 даана,
Ак-Талаа районуна - 4903 даана,
Нарын районуна - 2834 даана,
Жумгал районуна - 5133 даана,
Тогуз - Торо районуна - 4233 даана орнотулду. Жыл аягына чейин толук орнотуу иштери аяктайт.
Бул иш-чаралардын негизги максаты — керектөөчүлөрдү акылдуу эсептегичтер менен камсыз кылуу аркылуу жалпы энергетикалык тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу.