Нарын электр тармактар ишканасы балдарды майрамы менен куттуктады
1 Июнь 2025 ж.
"КУЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасы балдарды коргоо күнүнө карата Энергетика министрлиги тарабынан уюштурулган демилгенин алкагында кичинекей бөбөктөрдү куттуктап, алар үчүн кубанычтуу чакан майрам уюштурду.
Ишканага келген кичинекей коноктор үчүн белектер жана жылуу маанай тартууланды. Ал эми ар кандай себептер менен келе албай калган бөбөктөр унутта калган жок – биздин кызматкерлер аларды үйлөрүнө барып, белектери менен кубандырып, майрамдык маанай тартуулашты.
Бул майрам ар бир балага сүйүү, жылуулук жана көңүл тартуулоочу өзгөчө күн. Биздин келечегибиз болгон бөбөктөр ар дайым бактылуу, ден соолугу чың жана камкордукта болушсун!