Нарын электр тармактар ишканасы балдарды жайкы эс алууга узатты
18 Июль 2025 ж.
Ысык жайдын аптабында эс алуу ар бир бала үчүн чоң кубаныч, жаңы ачылыштардын башаты болуп саналат. Мына ушундай эсте калаарлык учурду тартуулоо максатында “КУЭТ» ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасы өзүнүн кызматкерлеринин балдарын жайкы эс алууга узатты.
Бул жылы жалпысы 228 наристе Ысык-Көлдүн керемет жээгинде жайгашкан “Алтын балалык” лагерине эки агым менен жөнөтүлдү.
Бул лагерде балдар сергек жашоонун маанисин үйрөнүп, спорттук оюндарга, чыгармачылык кружокторго, ар кандай өнүктүрүүчү иш-чараларга катышып, жаңы досторду табышат. Мындай шарт балдардын ден соолугун чыңдоого, инсан катары өнүгүүсүнө жана бактылуу балалыктын унута алгыс элестерин түзүүгө өбөлгө болот.
“Балдарыбыздын күлкүсү — биздин келечекке болгон инвестиция. Эң негизгиси — алардын бактысы, ден соолугу. Биздин кызматкерлердин үй-бүлөсү — ишкананын өзөгү. Ошондуктан балдарга эс алуу тартуулоо бугай чейин да, мындан ары да улантылат”, — деп билдирди ишкананын жетекчилиги.
Нарын электр тармактар ишканасы жыл сайын мындай саамалыктарды өткөрүү менен коом алдындагы социалдык жоопкерчилигин иш жүзүндө көрсөтүп келет. Ишкана жетекчилиги бул жолку сапар да жүрөктү жылыткан эсте кала турган учурлар менен коштолоруна ишенип, көңүлдүү эс алуу каалады.