Колл - борбор: 105, 1209

Нарын электр тармактар ишканасы Курман Айт майрамыңыздар менен куттуктайт!

6 Июнь 2025 ж.

Урматтуу мекендештер!

“КУЭТ” ААКнын филиалы – Нарын электр тармактар ишканасынын жамааты сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен куттуктайт!

Бул касиеттүү майрам – ырайымдуулуктун, боорукерликтин, сабырдуулуктун жана ыймандуулуктун символу. Ар бир үй-бүлөдө тынчтык, молчулук жана ынтымак орноп, ар бир тилеген тилегиңиздер кабыл болсун!

Жараткан журөгүбүзгө жарык, иш-аракеттерибизге береке, үй-бүлөлөрүбүзгө ынтымак жана аманчылык тартууласын. Кылган курмандыктарыңыздар, дуба-тилектериңиздер кабыл болсун!

Курман айт майрамыңыздар менен!