Урматтуу мекендештер!
“КУЭТ” ААКнын филиалы – Нарын электр тармактар ишканасынын жамааты сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен куттуктайт!
Бул касиеттүү майрам – ырайымдуулуктун, боорукерликтин, сабырдуулуктун жана ыймандуулуктун символу. Ар бир үй-бүлөдө тынчтык, молчулук жана ынтымак орноп, ар бир тилеген тилегиңиздер кабыл болсун!
Жараткан журөгүбүзгө жарык, иш-аракеттерибизге береке, үй-бүлөлөрүбүзгө ынтымак жана аманчылык тартууласын. Кылган курмандыктарыңыздар, дуба-тилектериңиздер кабыл болсун!
Курман айт майрамыңыздар менен!