Колл - борбор: 105, 1209

Нарын электр тармактар ишканасы мектептерде  электр энергиясынын адам өмүрүнө болгон кооптуулугу тууралуу иш-чара өткөрдү

26 Февраль 2024 ж.

"КУЭТ" ААКтын филиалы- Нарын электр тармактар ишканасы шаар ичиндеги мектептерде окуучулар менен атайын жолугушуу  өткөрдү.

Аталган иш-чаранын негизги максаты, өсүп келе жаткан муунга электр энергиясын үнөмдөөчү жүрүм-турумга, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, адамдын өмүр коопсуздугу жана балдардын техникалык адистиктерге кызыгуусун аттыруу болду.

Бул жолугушуунун алкагында ИКТК (ишеничтүүлүк жана  коопсуздук техника кызматы) жана Энергетикалык көзөмөлдөө кызматы тарабынан теориялык жана практикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Окуучулар тарабынан кызыгуулар артып, иш-чаранын соңунда суроо-жоопторго кезек берилип, пикир алмашуулар болду. Ал эми ишкана тарабынан кызыктуу суроолорго атайын белектер тапшырылды.

Билимдүү жаштар - өлкө келечеги!
Коопсуздук - өмүр сакчысы!