Нарын электр тармактар ишканасы - таза коом үчүн!

30 Март 2024 ж.

"Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы болгон - Нарын электр тармактар ишканасы бардык райондор менен биргеликте ишембилик өткөрдү.
 
"Жашыл Мурас" программасынын алкагында өткөрүлгөн ишембиликке административдик база жана бардык райондордун ишкерсандары активдүү катышты.
 
Ишембиликтин жүрүшүндө ишкананын айланасы жана атайын бөлүнгөн жерлер таштандылардан тазаланып, акталып, бак-дарактар ​​кыркылды.
 
Тазалык – ден соолуктун ачкычы!