Нарын электр тармактар ишканасы тазалык үчүн!
19 Апрель 2025 ж.
Бүгүн, 19-апрель “КУЭТ” ААКнын Нарын облусундагы филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты.
Иш-чаранын алкагында ишкананын кызматкерлери тарабынан ишкананын аймагы, ага жакын жайгашкан көчөлөр иретке келтирилип, таштандылар чыгарылды.
Нарын электр тармактар ишканасы мындан ары да экологиялык жана социалдык мааниси бар коомдук иштерге катышууну улантып, жергиликтүү тургундарды жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырат!
Тазалык - ден соолуктун башаты!