Колл - борбор: 105

Нарын электр тармактар ишканасы өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын көрсөттү

16 Апрель 2026 ж.

Кечээ “КУЭТ” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын базасында Нарын облустук Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өрт коопсуздугу боюнча күтүүсүз машыгуу өткөрүлдү.

Иш-чараны Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала эскертүүсүз жүргүздү. Саат 21:00 чамасында ӨКМка тарабынан ишканада өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Мекеменин күзөтчүсү нускамага ылайык тийиштүү өрт өчүрүү кызматтарына, ошондой эле ишкананын жетекчилигине жана жооптуу кызматкерлерге ыкчам кабар берген.

Андан соң ишкананын ыкчам өрт өчүрүүчү тобу тарабынан шарттуу түрдө пайда болгон өрт өз убагында өчүрүлдү. Натыйжада комиссия тарабынан кызматкерлердин ыкчам аракеттери, ишканада өрт коопсуздугунун сакталуу деңгээли жана өрткө каршы шаймандардын талапка ылайыктуулугу текшерилди. Жыйынтыгында түзүлгөн комиссия машыгууну канааттандырарлык деп баалады.

Машыгуу учурунда ӨКМдин өрт өчүрүүчү бөлүмү шарттуу өрттү кыска убакыттын ичинде чектөөгө жана толук өчүрүүгө жетишти. Мындан тышкары, коюу түтүн шартында жабыркаган адамды коопсуз аймакка алып чыгуу боюнча куткаруу иш-чаралары көрсөтүлүп, тийиштүү деңгээлде аткарылды.

Мындай күтүүсүз форматтагы машыгуулар кызматкерлердин чыныгы кырдаалдагы аракеттерин баалоого, ыкчамдыкты жана координацияны жакшыртууга өзгөчө шарт түзөт. Бул өз кезегинде адам өмүрүн сактоодо жана материалдык чыгымдардын алдын алууда чечүүчү мааниге ээ.

Өткөрүлгөн иш-чара Нарын электр тармактар ишканасынын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы жетиштүү деңгээлде экенин көрсөтүп, коопсуздукту жогорулатууга жана мүмкүн болгон коркунучтарды натыйжалуу башкарууга маанилүү салым кошту.

Иш-чарага Нарын облустук башкармалыгынын өрт коопсуздугу боюнча орун басары, Нарын электр тармактар ишканасынын жетекчилиги, ӨКМдин ыкчам тобу жана Нарын шаардык мэриясынын өкүлдөрү катышты.