Колл - борбор: 105

Нарын электр тармактар ишканасына 4 даана жаңы атайын техника тапшырылды

9 Июнь 2026 ж.

Нарын электр тармактар ишканасынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн чыңдоо жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу, оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу аткарууга ишканага 4 даана жаңы атайын техника келди.
 
Алардын катарына:
* 1 даана FAW үлгүсүндөгү автовышка – 25 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Техника кызматкерлердин коопсуз иштөөсү үчүн атайын кабинка менен жабдылган;
* 2 даана Isuzu үлгүсүндөгү бригадалык автоунаа – авариялык жана эксплуатациялык бригадаларды ташууга ылайыкталган, кызматкерлер үчүн кенен жана ыңгайлуу орундуктар менен жабдылган;
* 1 даана экскаватор – жер казуу жана курулуш-монтаж иштерин аткарууда колдонулат.
 
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 5-июнунда энергетика тармагынын ишин жакшыртуу, ошондой эле штаттан тышкаркы кырдаалдарды ыкчам жоюу максатында «КУЭТ» ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен жалпы 41 даана атайын техника сатылып алынып, пайдаланууга берилген.
 
Жаңы техникалар электр тармактарындагы оңдоо, тейлөө жана авариялык калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүүгө өбөлгө түзүп, керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.