"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнун филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын автопаркы жаңыланууда
Эскерте кетсек, 12-июль күнү МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров "КУЭТ" ААКна 30 даана атайын техниканын ачкычын тапшырган. Анын ичинен Нарын ЭТИне 6 даана бөлүнүп, бүгүнкү күндө ишкананын базасында Ат-Башы, Ак-Талаа жана Жумгал райондук электр тармактарына ачкычтар тапшырылды.
Энергетика тармагын колдоо, оңдоо иштерин сапаттуу жана ыкчам бүтүрүү максатында бөлүнгөн атайын техникалар кызматкерлерибиздин ишин биртоп жеңилдетүүдө. Бул жаңылануу тармактын натыйжалуулугун жогорулатып, региондун электр инфраструктурасынын өнүгүшүнө чоң салым кошот.