Колл - борбор: 105

Нарын электр тармактар ишканасында кезектеги Коопсуздук техника күнү өткөрүлдү

20 Август 2026 ж.

2026-жылдын 18-августунда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасында кезектеги Коопсуздук техника күнү өткөрүлдү.
 
Иш-чаранын негизги максаты — энергетика тармагындагы кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү факторлордун алдын алуу, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле өндүрүштүк жаракат алуулардын алдын алуу жана жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын жогорулатуу.
 
Коопсуздук техника күнүнүн алкагында Нарын электр тармактар ишканасынын директору Бакыт Джолдошбеков Кочкор жана Жумгал райондук электр тармактарында, ошондой эле 110/10 кВ «Давлет-Арык», 110/10 кВ «Чаек» жана 35/6 кВ «Карьер» көмөк чордондорунда болуп, жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы менен жеринен таанышты.
 
Текшерүүнүн жүрүшүндө Кочкор жана Жумгал РЭТтеринде жүргүзүлүп жаткан иш кагаздарынын талапка ылайык жүргүзүлүшү, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелеринин сакталышы, оңдоп-түзөө иштеринин уюштурулушу, өндүрүштүк санитария, ошондой эле ремонттук иштердин сапаты текшерилди.
 
Мындан тышкары, кызматкерлердин коопсуз иштөөсү үчүн түзүлгөн шарттарга, электр коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына жана иш учурунда тиешелүү коргоочу каражаттардын колдонулушуна көңүл бурулду.
 
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү актылар түзүлүп, аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюу жана өндүрүштөгү коопсуздук талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча жооптуу кызматкерлерге тапшырмалар берилди.
 
Белгилей кетсек, Коопсуздук техника күнү Нарын электр тармактар ишканасынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана райондук электр тармактарында ай сайын өткөрүлүп, үзгүлтүксүз көзөмөлдөнөт.
 
Ошондой эле 18-августта Нарын электр тармактар ишканасынын Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техника кызматы тарабынан Ак-Талаа районунда да кезектеги Коопсуздук техника күнү өткөрүлүп, тиешелүү текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
 
Нарын электр тармактар ишканасы үчүн кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу — негизги артыкчылыктардын бири.