Колл - борбор: 105

Нарын электр тармактар ишканасында кезектеги пландуу окутуу өткөрүлүүдө

3 Февраль 2026 ж.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын базасында баштапкы адистерди даярдоо тобунун (БАДТ) планына ылайык илээрман жана жүк көтөрүүчү механизмдерди пайдалануу боюнча жооптуу адистер үчүн кезектеги пландуу окутуу кечээ, 2-февралда, башталды.

Окутуунун негизги максаты — өндүрүштөгү коопсуздук талаптарын сактоону камсыз кылуу, илээрман жана жүк көтөрүүчү механизмдерди туура жана коопсуз пайдалануу боюнча жооптуу кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле өндүрүштүк кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.

Аталган окутууну “КУЭТ” ААКнын окуу борборунун устаты Ж.К. Нусупов жүргүзүүдө. Окутууга Нарын облусунун бардык райондорунан жана ишкананын тиешелүү кызматтарынан жооптуу адистер катышууда. Сабактар 20-февралга чейин уланат.

Мындай пландуу окутуулар кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана эмгек коопсуздугун камсыздоого багытталган.