Колл - борбор: 105, 1209

Нарын электр тармактар ишканасында коррупцияга каршы күрөш боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө

27 Январь 2025 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы – Нарын электр тармактар ишканасында адилеттүүлүктү, айкындуулукту жана тазалыкты камсыз кылуу максатында кызматкерлер үчүн коррупцияга каршы күрөш боюнча маанилүү кеңешме өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын алкагында кызматкерлерге коррупциянын коомго тийгизген терс таасири, ага каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жолдору жана мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөр тууралуу кеңири маалымат берилди.

Кеңешменин башкы максаты – жетекчилер менен адистердин паракорчулукка каршы күрөштү күчөтүүсүнө көмөк көрсөтүү, коррупциялык аракеттерди байкоо жана аларга жол бербөө, ар бир кызматкердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана ишти мыйзам чегинде жүргүзүүнү камсыз кылуу болду.

Мындай иш-чаралар Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан тынымсыз өткөрүлүп келет. Буга чейин масштабдуу кеңешме Нарын облустук музыкалуу-драма театрында УКМК кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлгөн.

Адилеттүү коом – биздин колубузда!

Эгерде мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, тиешелүү органдарга билдирүүңүздү өтүнөбүз.