“КУЭТ” ААКтын облустардагы филиалдарынын күз-кышка даярдыгын текшерүү боюнча түзүлгөн комиссиясы жана төрагалык кылган компаниянын техникалык директору Жолдошбек Ибраев Нарын электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерип, жыйынтыгын кызмат жетекчилери менен талкулоо жүргүздү.
Жыйындын негизги максаты алдыда күз-кыш мезгилине ыкчам жана толук кандуу даярдыктарды жүргүзүү менен техникалык жоготууларды алдын алуу болуп саналат.