Нарын электр тармактар ишканасында күз-кыш мезгилине даярдык иштери боюнча жыйын өткөрүлдү
26 Сентябрь 2026 ж.
Нарын электр тармактар ишканасында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Директорлор кеңешинин тапшырмаларынын алкагында жыйын өткөрүлдү. Жыйынга «КУЭТ» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Шамиль Матаев, пландоо бөлүмүнүн башчысы жана бөлүштүрүү электр тармактары кызматынын башчысы катышты.
Жыйында Нарын электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгү, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык жана 2027-жылга карата бизнес-пландын негизги багыттары каралды.
Күз-кыш мезгилине даярдык алкагында электр тармактарынын жана энергетикалык жабдуулардын техникалык абалы, капиталдык жана учурдагы оңдоо иштеринин жүрүшү талданды. Авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн бригадалардын, атайын техниканын жана материалдык-техникалык каражаттардын даярдыгы текшерилди.
Оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо, штаттан тышкаркы абалдын алдын алуу чараларын күчөтүү тапшырылды. Ошондой эле оңдоо иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, техникалык жоготууларды жана негизсиз чыгымдарды азайтуу боюнча милдеттер коюлду. Жыйында 2027-жылга карата бизнес-пландын негизги көрсөткүчтөрү жана артыкчылыктуу багыттары каралды.
Жыйындан кийин «КУЭТ» ААКтын жетекчилиги жана Нарын электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан ишкананын кампаларындагы материалдык-техникалык каражаттарга жана запастык бөлүктөргө көзөмөл жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө оңдоо иштерине зарыл болгон, бирок узак убакыттан бери пайдаланылбай турган запастык бөлүктөрдүн абалы каралып, алардын иш жүзүндө керектүүлүгүн аныктоо жана мындан ары максаттуу пайдалануу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Электр тармактарын өнүктүрүү, инфраструктураны жаңылоо жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштар талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында күз-кыш мезгилине даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо жана 2027-жылга карата бизнес-планды тактоо боюнча тапшырмалар берилди.
Нарын электр тармактар ишканасынын башкы максаты — облустун керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу.