"КУЭТ" ААКтын филиалы Нарын электр тармактар ишканасында райондук электр тармактар ишканасынын башчылары, кызмат жана бөлүм башчылары менен биргеликте техникалык кеңешме отуруму өтүүдө.
Аталган жыйындын максаты облустук жана министрликтин коллегиясынын жыйынтыгынын негизинде мекемедеги көйгөйлүү жана аткарылбай келген маселелерге токтолуп, аткарылышын катуу көзөмөлгө алуу болду.
Жыйындын башында ишкана жетекчиси А.Абылгазиев сөз баштап, коллегиянын жүрүшү, жыйынтыгы, берилген тапшырмаларга токтолду. Андан соң башкы инженер Б. Джолдошбеков 6 айдын ичинде жасалган оңдоп- түзөө иштери тууралуу маалымат берди.
Капиталдык курулуш жана жалпы суроолор боюнча директордун орун басары К. Дүйшеев энергетика министри Т. Ибраевдин демилгеси менен Дөң- Алыш айлындагы курулуп жаткан көмөк чордондун куруу иштерине кенен токтолду.
Андан соң суроолорго кезек берилип, анда кызмат жана бөлүм башчылары ой- пикир менен алмашып, сапаттуу иш жүргүзүүнү пландашты.
Жыйындын соңунда алдыга койгон пландарды тез жана өз мөөнөтүндө аткаруу үчүн тиешелүү адистерге тапшырма берилип, жетекчилик тарабынан катуу талап коюлду. Жана ошондой эле 6 айдын жыйынтыгы менен жасалган иштерге баа берилип, айрым жетекчи, бөлүм башчыларга эскертүү берилди.
Аталган жыйынга Нарын электр тармактар ишканасынын жетекчилиги, райондук электр тармактар ишканасынын башчылары, бардык кызмат жана бөлүм башчылары катышты.