Колл - борбор: 105, 1209

Нарын электр тармактар ишканасында техникалык кеңешме өткөрүлдү

22 Май 2025 ж.

2025-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгын чыгарып, алдыдагы максаттарды тактоо жана иштин сапатын жакшыртуу максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасында кезектеги техникалык кеңешме болуп өттү. Кеңешме ишкананын директору Сакиев Рустам, директордун орун басары Усеналиев Залкарбек жана башкы инженердин орун басары Канатбек Дүйшеевдин катышуусунда өттү.
Кеңешменин күн тартибинде төмөнкү негизги маселелер каралды:
2025-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы
Алгачкы үч ай ичинде ишкананын ишмердүүлүгүнө кеңири талдоо жүргүзүлүп, электр энергиясынын үзгүлтүксүз камсыздалышы, техникалык тейлөөнүн деңгээли жана өндүрүштүк көрсөткүчтөр боюнча отчеттор угулду.
Оңдоо жана тейлөө иштеринин аткарылышы
Электр тармактарын коопсуз жана үзгүлтүксүз иштетүү максатында жүргүзүлүп жаткан оңдоо жана тейлөө иштеринин абалы каралды. Райондук электр тармактарындагы жабдуулардын техникалык абалы өзгөчө көңүл борборунда болуп, сапатты жогорулатуу боюнча жетекчилик тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.
Сатуу бөлүмүнүн ишмердүүлүгү
Электр энергиясын сатуу, эсептөө жана төлөмдөрдү жыйноо иштеринин жүрүшү талкууланды. Керектөөчүлөр менен болгон келишимдердин аткарылышы жана эсептешүүлөрдүн тактыгы боюнча маалымат берилди.
Жаңы тариф саясаты жана калкка түшүндүрүү иштери
2025-жылдын май айынан тартып күчүнө кирген жаңы тариф саясаты боюнча калк арасында түшүндүрүү иштеринин жүрүшү талкууланып, ачык-айкын маалымат жеткирүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. ЖМК, жергиликтүү бийлик органдары жана коомчулук менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы белгиленди.
АСКУЭ (автоматташтырылган эсепке алуу системасы) боюнча иштер
Кеңешменин алкагында 2025-жылдын 4 айынын жыйынтыгы менен райондорго 11 832 даана акылдуу эсептегичтер орнотулгандыгы боюнча да маалымат берилди. Бул система аркылуу электр энергиясынын керектөөсүн так эсепке алуу, жоготууларды азайтуу жана керектөөчүлөр менен эсептешүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу көздөлүүдө. Учурда Нарын облусундагы бир катар аймактарда акылдуу эсептегичтер орнотулуп, алардын натыйжалуулугу байкалууда.
Коопсуздук жана уюштуруу маселелери
Кеңешмеде оңдоо иштеринде коопсуздук техникасын сактоо, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилди.
Кеңешменин жыйынтыгында ишкананын ишмердүүлүгүн арттыруу багытында бир катар конкреттүү тапшырмалар коюлуп, бардык бөлүмдөргө тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Кеңешмеге ишкананын жетекчилиги, бардык райондун жетекчилери жана бөлүм башчылары катышышты.