Колл - борбор: 105, 1209

Нарын электр тармактар ишканасында техникалык шарттарды сактоо жана электр энергияны үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

16 Ноябрь 2023 ж.

 
Күз-кыш мезгили башталгандан бери Нарын шаарында жана Нарын облусунун райондорунда өндүрүштүк жана турмуш-тиричилик абоненттеринин арасында техникалык шарттарды сактоо, ошондой эле максималдуу жүктөм убактыларында, эртең менен саат 06:00дөн 09:00гө чейин, кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин электр энергиясын үнөмдөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
 
Бул чаралар абоненттерге бөлүнгөн техникалык шарттарды сактоосу жана электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануусу үчүн көрүлүүдө.