Колл - борбор: 105, 1209

Нарын электр тармактар ишканасында өткөн директорлор кеңешинин көчмө жыйыны: күз-кыш мезгилине даярдык иштери талкууланды

14 Июнь 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасында 2024-2025 күз-кыш мезгилине даярдыктардын алкагында аткарылган оңдоо иштери боюнча директорлор кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү.
 
Жыйындын башкы максаты бардык райондук ЭТИнын оңдоо иштеринин сапаттуу жүрүшүн, капиталдык курулуш иштери боюнча 2024-жылга түзүлгөн болжомдун аткарылышы жана жалпы иш алып баруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу болду.
 
Мындан тышкары, директорлор кеңешинин мүчөлөрү бардык райондук электр тармактарынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып чыгышты.
 
Жыйынга Нарын электр тармактар ишканасынын жетекчилиги, бөлүм башчылары жана бардык райондук электр тармактар ишканаларынын башчылары катышты.