Нарын электр тармактар ишканасында устаттарга жана жумуш алып баруучуларга семинар - кеңешме өткөрүлдү

26 Март 2024 ж.

КУЭТ" ААКнын филиалы Нарын электр тармактар ишканасынын базасында устаттарга жана жумуш алып баруучуларга семинар болуп өттү.
 
Семинардын башкы максаты:
-иш алып баруунун сапатын жогорулатуу,
-иштаккагаз менен жумушка киргизүү тутумун жүргүзүү,
-жумуш алып барууда коопсуздук эрежелерин сактоо,
-ишканада өрт коопсуздугун сактоо,
-эмгек тартибин сактоо,
-электр орнотмолорунун ишеничтүү иштеши.
 
Аталган семинардын алкагында өтүлгөн темалардын негизинде катышуучулар ИКТК (ишеничтүүлүк жана коопсуздук техника кызматы) тарабынан билим сынагынан өтүштү жана "жакшы" деген баа берилди.