Колл - борбор: 105, 1209

Нарын электр тармактар ишканасында ыкчам диспетчердик кызматы семинар өткөрүүдө

20 Июнь 2023 ж.

Семинардын негизги максаты өткөн жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгы жана 2023-2024 күз-кыш мезгилине карата ишкананын даярдыктары тууралуу талкуу болду.

Аталган семинардын жүрүшүндө ЫДКнын (ыкчам диспетчердик кызматы) башчысы А.Аскарбеков маалымат аткарылып жаткан иштер жана алдыга коюлган пландар тууралуу маалымат берди. Андан сон тиешелүү адситер оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу аткаруу, алдыдагы пландар туралуу өз пикирин билдирип, тажрыйба алмашуу менен биргеликте ой-пикирлер, сунуштар айтылды.

Жыйындын соңунда аткарылып жаткан жалпы иштерге баа берилип, катышуучулар көмөк чордондорду жана “Ат-Башы” ГЭСтин электр жабдууларын көрүүгө сапар алышты.

Аталган семинарга Нарын электр тармактар ишканасынын жетекчилиги, Ат-Башы ГЭСтин жетекчилиги, бардык облустун ЫДК, ГЭС, «Бишкек ЖЭБ», «Электр станциялары» ААКтын кызматкерлери катышышты.