Бүгүн, 4-декабрь «КУЭТ» ААКнын башкы директорунун орун басары Шамил Нурбекович Матаев Нарын электр тармактар ишканасынын жамаатына жаңы директорду тааныштырды.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын директорлор кеңешинин чечиминин негизинде «Кыргызстан УЭТ» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев чыгарган буйрукка ылайык, Балкыбеков Тилек Жеткинчекович дайындалды.
Буга чейин Балкыбеков Тилек Кочкор райондук электр тармактарынын башчысы болуп эмгектенип келген.
Жыйында кызмат жана бөлүм башчылары жаңы дайындалган директорду куттуктап, ийгилик каалоо менен бирге жогорку жетишкендиктерди каалашты. Ал эми жаңы жетекчи жамаат менен бирге иштин сапатын жогорулатууга багытталган аракеттерди күчөтөөрүн белгиледи.