Нарын электр тармактар ишканасынын 220/110/10 кВ "Ак-кыя" көмөк чордонунда утурумдук оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

15 Апрель 2024 ж.

"КУЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын 220/110/10 кВ "Ак-кыя" көмөк чордонунда оңдоо иштери жүрүп жатат.
 
220/110/10 кВ «Ак-Кыя» көмөк чордонунан 4 - 110 кВ аба чубалгылары: «Ак-Кыя-Кочкор», «Ак-Кыя-Ат-Башы ГЭС – Үгүт – Макмал - Жетиген» жана «Нарын-1, «Нарын-2» көмөк чордону электр энергиясын алат.
 
Бул көмөк чордон 1997-жылдан бери иштейт жана Нарын ЭТИнын манилүү көмөкчордону болуп саналат. “Ак-Кыя” көмөк чордонунда ар биринин кубаттуулугу 125 МВт болгон 2 автотрансформатор иштеп, Нарын облусунун керектөөчүлөрүн сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда.
 
Оңдоо иштери жана анын сапаттуу аткарылышы керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда.
 
Урматтуу кардарлар, оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат http://npes.nesk.kg/ru/ сайтынан билсеңиздер болот жана “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.
 
Электр энергиясы боюнча суроолор болсо, биздин күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна 105, 1209, 0772-001-209; 0702-001-209; 0556-0012090 ; 0772-500-474 (Вотсапп) номерлерине кайрылсаңыз болот