"Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасына жаңы 2 даана бригадалык автоунаа бөлүнүп берилди.
Эске салсак, 13 - май күнү, МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн бардык аймактарындагы энергетиктерге 33 даана жаңы техникалардын ачкычын тапшырган. Анын ичинен Нарын электр тармактар ишканасына 2 даана бригадалык автоунаа бөлүнүп берилген.
Ал эми бүгүн, Нарын ЭТИнын базасында Нарын жана Ак-Талаа РЭТрине 2 бригадалык автоунаанын ачкычтары тапшырылды.
Бул аталган атайын техникалар 2023-жылдан бери жалпы 23 даана Нарын электр тармактар ишканасына бөлүнүп, бүгүнкү күндө оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу өткөрүүгө жакшы шарттарды түзүүдө.