Колл - борбор: 105, 1209

Нарын электр тармактар ишканасынын директору болуп Джолдошбеков Бакыт Жолдубаевич дайындалды

11 Октябрь 2023 ж.

Нарын электр тармактар ишканасынын директору болуп Джолдошбеков Бакыт Жолдубаевич дайындалды
 
Бүгүн, 9-октябрь күнү директорлор кеңешинин чечими менен, "КУЭТ" ААКтын коммерциялык суроолор боюнча башкы директордун орун басары Уларбек Дүйшө уулу жаңы дайындалган директор Бакыт Жолдубаевич жана башкы инженер Бакыт Чоюнбековичти жамаатка тааныштырды.
Ал эми капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча директордун орун басары болуп дайындалган Садабаев Абылбек Мукашовичти директор Б.Ж. Джолдошбеков тааныштырды.
 
Бул күнгө чейин Б. Джолдошбеков Нарын электр тармактар ишканасынын башкы инженери, Б.Өмүралиев башкы инженердин орун басары, ал эми А. Садабаев Талас ЭТИнын капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча директордун орун басары болуп иштеп келишкен.