Нарын электр тармактар ишканасынын директору Тогуз-Торо районуна иш сапары менен барды
2 Февраль 2026 ж.
«КУЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасынын директору Балкыбеков Тилек Жеткинчекович өткөн апта иш сапары менен Тогуз-Торо районуна барып, райондук электр тармактарынын кызматкерлери менен жолугушту. Иш сапардын алкагында аталган райондук электр тармагынын ишмердүүлүгү жана кызматкерлердин күнүмдүк иши менен таанышты.
Жолугушууда электр энергиясын пайдалануудагы лимиттер, акылдуу эсептегичтерди орнотуудан кийинки жыйынтыктар, ошондой эле күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди. Директор кызматкерлердин сунуш-пикирлерин угуп, тармактагы негизги маселелерге токтолду.
Мындан сырткары, иш сапардын жүрүшүндө район аймагындагы жогорку чыңалуудагы көмөкчү чордондордун абалы жеринен көрүп, электр жабдууларынын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Нарын электр тармактар ишканасынын директору энергетиктердин иши жоопкерчиликтүү экенин белгилеп, калкты туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу негизги милдет экенин баса белгиледи.