Колл - борбор: 105, 1209

Нарын электр тармактар ишканасынын ишкертобу кесиптик чеберчилик мелдешине катышууда

13 Сентябрь 2024 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 10/0,4 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча ыкчам-оңдоо персоналынын бригадалары арасында кесиптик чеберчиликтин конкурсун өткөрүүдө
 
2024-жылдын 13 сентябрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл филиалынын окуу-өндүрүштүк базасында 10/0, 4 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча ыкчам-оңдоо персоналынын бригадалары арасында кесиптик чеберчилик мелдештери башталды.
 
Аталган иш-чарага "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын ишкертобу катышууда.
 
Жетекчиси Ысманов Алмаз, устаты Карыбек уулу Кутман, электр эпкерлер Жайык уулу Акун, Жапаркулов Эламан, Алмазбеков Нурсултан, резервдеги устат Мамыркулов Талантбек баштаган ишкертоп кесиптик чеберчилигин көрсөтүүдө.
 
Мелдештин жүрүшүндө командалар бир нече техникалык этаптардан өтүп, иштин заманбап ыкмаларын көрсөтүшөт, аларды баалоо баллдык система боюнча жүргүзүлөт.
 
Нарын электр тармактар ишканасынын ишкертобу жалпы 7 этаптын 2 этабын комиссиянын мүчөлөрүнүн көзөмөлүндө жыйынтыктады. Алдыда 5 этап калды.
 
Нарын электр тармактар ишканасынын ишкертобуна жана бардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз!