Колл - борбор: 105, 1209

Нарын электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярдык иштерин жыйынтыктады

12 Ноябрь 2025 ж.

Энергетика министрлигинин койгон тапшырмасына ылайык, Нарын электр тармактары ишканасы 2025–2026-жылдагы күз-кыш мезгилине  даярдык иштерин толук аяктады.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында энергетикалык объекттерде, жабдууларда, электр берүү чубалгылары менен трансформатордук көмөкчү чордондордо оңдоо жана техникалык тейлөө иштери аткарылды.Аткарылган иштер Нарын облусунун керектөөчүлөрүн алдыдагы жылытуу мезгилинде ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

Аткарылган негизги иштер:

 • 35 кВ жана андан жогору чыңалуудагы 59 көмөк чордондордо, ошондой эле 10/0,4 кВ чыңалуудагы 1 995 трансформаторо  капиталдык жана учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлдү;

 • 35 кВ жана андан жогору чыңалуудагы 2 007,3 км жана 10/0,4 кВ чыңалуудагы 4 297,4 км электр аба чубалгыларында оңдоо иштери аткарылды;

 • 9 225 даана эскилиги жеткен изоляторлор алмаштырылды;

 • 10/0,4 кВ чыңалуудагы 94,42 км аба чубалгы  СИП-2 жана 3 кабелдерге алмаштырылды, бул техникалык жоготууларды азайтып, тармактын ишенимдүүлүгүн жогорулатат;

 • кошумча 11 даана 10/0,4 кВ трансформатор орнотулду;

 • шкафсыз ТМ тибиндеги 4 трансформатор жана 21 комплекттүү трансформатор (КТП) ГКТПга алмаштырылды;

 • релелик коргоо жана автоматика системаларынын жабдуулары текшерилип, сыноолор өткөрүлдү.

2025-жылга карата планда облус боюнча жалпы 32 753 бир фазалуу жана үч фазалуу АСКУЭ эсептегичтерин орнотуу каралган. Учурда алардын 30 504 даанасы орнотулуп, калган 2 246 даанасы ушул жылдын ноябрь айынын аягына чейин орнотулмакчы.

Капиталдык курулуш боюнча иштер:

 • Ат-Башы жана Жумгал РЭТнин кызматкерлери үчүн эки административдик имараттын курулушу жүрүп жатат;

 • 2025-жылдын октябрь айында Нарын РЭТнин жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди;

 • учурда Кочкор районундагы трансформаторлорду оңдоо цехи жана темир-бетон буюмдар жасоочу цехи, Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы кызматтык-тиричилик имараты, ошондой эле 35/10 кВ «Талды-Суу» жана 110/35 кВ «Кур-Терек» көмөк чордондору  курулууда.

2025-жылдын ноябрь айына карата “КУЭТ” ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ​​ишканасы бардык жумуштарды өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө бүткөрдү.