Нарын электр тармактары ишканасына 3 даана заманбап атайын техника тапшырылды
26 Июнь 2025 ж.
Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында жана «КУЭТ» ААКнын капиталдык курулуш, реконструкция жана техникалык модернизациялоо планына ылайык, Нарын электр тармактары ишканасына үч даана заманбап атайын техника тапшырылды.
Жаңы техникалар — тоолуу шарттарга ылайыкташтырылган эксковаторлор жана автовышкалар — аймактын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоодо маанилүү роль ойнойт, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам иш-аракет менен жоюууну камсыз кылат жана оңдоп-түзөө иштеринин сапатын жогорулатат.
Техниканын бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:
• Нарын РЭСине — 1 эксковатор жана 1 автовышка,
• Ак-Талаа РЭСине — 1 эксковатор.
«Бул техниканын жардамы менен аба чубалгыларын оңдоо жана калыбына келтирүү, мамыларды орнотуу, жүк көтөрүү иштери бир топ жеңилдеп, коопсуз болуп калат» - деп белгиледи, механизация жана автотранспорт кызматынын башчысы Улан Молдожакыпов.
Бул — жөн гана техника берүү же «КУЭТ» ААКсы тарабынан автопаркты жаңылоо аракети эмес, бул — аймактын энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган стратегиялык кадам.